БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы чакан жана орто ишканаларга үстөгү жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап жатып айтты.
"Пандемиянын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн чакан жана орто бизнестерге финансылык көмөк көрсөтүүнүн пландарын иштеп чыктык. Чакан жана орто ишканаларга үстөгү жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын кредит беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүү боюнча айтылып келе жаткан тапшырманы эске салды.
Финансылык ресурстарды туура колдонуу, чукул иш-чараларды ишке ашыруу, болочок муундун келечегине азыртадан кам көрүү максатында стабилизациялык фонд түзүү даярдыгын белгиледи. Фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтоо жакынкы максаттар экенин кошумчалады.
"Мындан тышкары, көмүскө экономикадан чыгуу максатында кичи жана орто бизнеске мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт. Бул эмнени билдирет? Маселен, 15 жумушчу орунду түзгөн ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүлөт. Азыркы учурда тиешелүү жарлыктар жана министрлер кабинетинин чечимдери даярдалууда", — деди мамлекет башчы.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өлкөдө майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. "Ала-Тоо" аянтында сүйлөгөн Жапаров алдыдагы беш жылда элге татыктуу жашоону убада кылды.