Японияда бөтөлкөнү тепкен футбол машыктыруучусу жазаланып, оюндан куулду. Видео

Окуя 29-августта өлкө чемпионатында "Токусима Вортис" менен "Ависпа Фукуока" командаларынын беттешинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Японияда футболдук беттештеги оюндун жүрүшүнө ачуусу келип бөтөлкөнү тепкен машыктыруучу кызыл айып кагазы менен жазаланып, беттештен куулду. Калыс бул учурду VAR (эпизодду кайталап көрүү) системасынан карап жыйынтык чыгарганын Eurosport маалымат булагы жазды.

Окуя 29-августта өлкө чемпионатында "Токусима Вортис" менен "Ависпа Фукуока" командаларынын беттешинде болгон. Токусималыктардын насаатчыларынын бири оюн талаасындагы көрүнүшкө нааразы болуп, суу куюлган бөтөлкөнү тепкен. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн беттештин башкы калысы VAR системасынын жардамын пайдаланган.

​Оюнда "Ависпа Фукуока" 3:0 эсебинде уткан.

"Токусима" 2005-жылы профессионалдык футболдук Жей-лигасына (Япониянын жогорку лигасы) өткөн. Азыркы күнгө чейин аталган лиганын экинчи дивизионунда ат салышып келет.