ИИМ 100дөй кыргызстандыктын телефон сүйлөшүүсү тыңшалганын тастыктады, бирок...

Буга чейин Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова 6-январда Биринчи май райондук соту 100дөй кыргызстандыктын, анын ичинде депутаттардын, саясатчылардын жана активисттердин телефондорун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы бир катар саясатчылардын жана жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоого алынуусу боюнча айтылгандарга түшүндүрмө берди.

Буга чейин Конституциялык соттун экс-судьясы, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова өзүнүн Facebook баракчасына 6-январда Биринчи май райондук сотунун судьясы 100дөй кыргызстандык жарандын, анын ичинде депутаттардын, саясатчылардын жана активисттердин телефондорун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарганын жазган. Анын айтымында, тыңшоо 2021-жылдын 6-январынан тарта жүргүзүлүп жатат.

"Тизмедегилердин (тыңшоого алынгандар) көпчүлүгү активдүү жарандык позициясы бар адамдар. Алар мамлекеттик саясатка карата өз сын-пикирлерин эркин, ачык айта алышат. Булардын жеке жашоосу тууралуу маалымат чогултуу үчүн аңдуу жүргүзүү — башкача пикирдегилерди куугунтуктоо болуп эсептелет", — деп жазган ал.

Сооронкулованын айтымында, судья Бердимуратов кылмыш ишинин бар экенин аныктабай туруп жана бул адамдардын тергелип жаткан фактыга тиешеси бар экенин ачыктабастан токтом чыгарган, ал эми ИИМдин тергөөчүсү Жумабаев жок кылмыш ишине эле аныктама берген.

Биринчи май райондук соту учурдагы мыйзамдын талаптарына ылайык, судья мыйзамдуу, жүйөлүү жана объективдүү чечим чыгарган деп белгиледи. Соттун билдирүүсүндө, ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы 2020-жылдын октябрь айында болгон массалык башаламандыктар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү өтүнүчү менен сотко арыз берген.

Аймактык тескөөчүлөрдүн укугун кеңейтүү президенттин жарлыгына каршы келери айтылды
"Бул өтүнүчтү кароодо мекемелер аралык тергөө тобунун башчысы жана Башкы прокуратуранын прокурору катышты. Ошол эле учурда сот тарабынан процессуалдык бузуулар болгон эмес. Тергөөчү судья ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин атайын аракеттерге уруксат берүү өтүнүчүн канааттандырган", — деп айтылат райондук соттун билдирүүсүндө.

Судьянын өтүнүчтү өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде канааттандырганы белгиленет.

Кийинчерээк ИИМдин маалымат кызматы бул кайрылуу боюнча комментарий берди. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүгүнө ("Башаламандык") ылайык, материал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өткөн жылдын 5-октябрында катталганы белгиленет. Бул сотко чейинки өндүрүштү Башкы прокуратура андан ары иликтөө үчүн ИИМдин Тергөө кызматына тапшырган.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдарды аныктоо, ошондой эле жасалган кылмыштарга катыштыгы барларды табуу максатында Жазык-процессуалдык кодексине ылайык тергөө жүргүзүлгөн. 2021-жылдын 6-январынан 10-февралына чейин телефондук сүйлөшүүлөрдү туташтыруу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна арыз берилген. Сот өтүнүчтү канааттандырган", — деп айтылат ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Мөөнөт аяктагандан кийин андан ары атайын тергөө аракеттери тергөөчүлөр жана сот тарабынан узартылган эмес. Конституцияга ылайык, ар бир жарандын кат алышуусу, телефон жана башка сүйлөшүүлөрү купуя сакталышы керек. Мындай укуктарды чектөөгө мыйзам чегинде, бир гана соттун чечими менен гана жол берилет.

Тергөө кызматы өз ыйгарым укуктарынын чегинде жана мыйзамга ылайык иш-аракеттерди жүргүзгөнүн маалымат кызматы кошумчалаган.