Радио

Усеналиев: онлайн билим берүүдө 2 миңге жакын сапаттуу видео сабак тартылды

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев аралыктан окутуу системасын киргизүү жеңил болбогонун белгиледи.
Sputnik

Аралыктан окутуу жүргүзүлгөн эки жылдын ичинде өлкө боюнча эки миңден ашуун электрондук китеп түзүлгөн. Бул тууралуу Марат Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: онлайн билим берүүдө 2 миңге жакын сапаттуу видео сабак тартылды

Анын айтымында, аралыктан билим берүүнүн жакшы жактарын да карап чыгуу зарыл.

"Коронавирус пандемиясынан улам аралыктан окутууга өтүүгө мажбур болдук. Эки жылдын ичинде анын терс жактары көп эле болду. Ошол эле учурда анын оң жактарын да карап чыгуу зарыл. Мисалы, 1 миң 700 сапаттуу видео сабактар тартылды, 2 миңден ашуун электрондук китеп түзүлдү. Ар бир райондун борборунда электрондук китепкана ачылды. Мектептердин 98 пайызына интернет байланышы жеткирилди. Интернет жок аймактар диск аркылуу окуу куралдары менен камсыздалды. Мунун баарын уюштуруу үчүн жергиликтүү бийлик көмөк көрсөттү. Ошондой эле илим-билим каналы ачылып, облустук телеканалдардан программалар көрсөтүлүп турду. Жогорку окуу жайларга тапшыруу, республикалык олимпиадалар онлайн жүргүзүлдү. Эң башкысы мугалимдердин квалификациясы кыйла жогорулады. Ачыгын айтышыбыз керек компьютер менен иштегенди жакшы билбеген мугалимдерибиз бар болчу. Учурда алар интернетти өздөштүрүп zoom, Telegram сыяктуу бардык платформаларды колдонууну үйрөнүштү. Реалдуу режимде ушул кошумча каналдарды иштетсек, билим деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк жаралат", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал ар кандай чогулуш, жыйындарды аралыктан өткөрүү улана турганын кошумчалады.