Кыргызстандыктар "Танк биатлонунда" Тажикстан аскерлерин утуп алды. Видео

Кыргызстандын аскер кызматкерлери бутага таамай атуу менен өзгөчөлөнүп алдыга чыккан. Эстафетанын финалдык баскычына дивизиондогу беш команданын төртөө чыгат.
Sputnik

Кыргызстандын аскер кызматкерлери "Танк биатлону — 2021" жарышынын жарым финалдык эстафетасында Тажикстанды утуп алды. Бул тууралуу tvzvezda.ru сайты жазды.

Жарыш Россиянын Подмосковье аймагындагы "Алабино" полигонунда болуп жатат.

Курама командалар мелдештин экинчи дивизионунда ат салышууда.

Кыргызстандын аскер кызматкерлери 24 бутанын бешөөнө тийген. Ал эми тажикстандыктар бир да жолу тийгизе алышкан эмес.

Танк биатлону. Кыргызстандын экипажы бардык бутага тийип 1-орунду алды
Кыргызстандын курама командасы эстафетаны жалпысынан 2 саат 23 мүнөттө жыйынтыктаган. Ал эми атаандаш команда 15 мүнөткө артта калган.

Дивизиондун жарым финалдык баскычында Кыргызстан, Лаос, Мьянма, Тажикстан жана Түндүк Осетия командалары ат салышууда. Жарым финалдык бөлүк 1-сентябрда жыйынтыкталат.

Эске салсак, эстафетанын финалдык баскычына дивизиондогу беш команданын төртөө чыгат.

"Танк биатлону" жарышынын экинчи дивизиондогу командаларынын финалы 3-сентябрда болот.

Кыргызстан мындай жетишкендиктери менен жарыштагы биринчи дивизионго көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Былтыр сегизинчи орунду ээлеп, экинчи дивизионго түшүп калган эле.