Көз жоосун алган кооздук! 30 жылдык майрамда атылган салюттун видеосу

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында майрамды жыйынтыктаган салют атылды.
Sputnik

Пиротехникалык ири шоу көздүн жоосун алып, асманды түркүн-түскө боёду. "Ала-Тоонун" асманындагы бул шоу алты мүнөткө созулду. Мындай кооздукту көрүү үчүн бишкектиктер жана шаардын коноктору миңдеп чогулду.

Ал эми кеч курун аянтта башталган концертте кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү конокторго өз өнөрүн тартуулады.