"Ынтымак" көк бөрү мелдешинин финалында "Сары-Өзөндү" караандатпай утту

Ысык-Көлдө өткөн көк бөрү боюнча өлкө президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдеш быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдештин жогорку лигасында Таластын "Ынтымак" командасы чемпион болду. Ал финалдык таймашта Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасын 7:0 эсебинде утуп алды.

Финалдык оюндун жүрүшүн КТРК-Спорт телеканалы түз алып көрсөттү.

Ысык-Көлдө өткөн көк бөрү боюнча өлкө президентинин кубогуна арналган эл аралык мелдеш быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына уюштурулган.

Мелдештин тарыхында алгачкы жолу эл аралык лига уюштурулуп, ага Россиядан, Өзбекстандан келген үч команда катышты. Аталган лигада Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы Өзбекстанды утуп баш байгени жеңген.

"Ынтымак" буга чейин 21-март - Нооруз майрамына арналган мелдеште да Оштун "Достук" командасын буллиттен утуп, чемпион болгон.