Көк бөрү: Көлдө "Жети-Өгүз" командасы өзбекстандык улакчыларды утуп алды

Аталган мелдештин форматы кеңейтилген. Быйыл алгачкы жолу эл аралык лига ачылып, анда Россиядан, Өзбекстандан келген үч команда катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн "Жети-Өгүз" командасы көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган эл аралык мелдештин алгачкы чемпиону болду. Финалдык беттештин жүрүшүн КТРК-Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Көк бөрү: кыргыз-өзбек улакчылары беттешкен оюндун түз эфири аяктады
Баш байге үчүн беттеште ал Өзбекстан командасы менен таймашты. Үч бөлүктөн турган оюндун жыйынтыгы 3:1 эсеби менен ысык-көлдүктөрдүн пайдасына аяктады.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына Ысык-Көлдө өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган мелдештин форматы кеңейтилген. Быйыл алгачкы жолу эл аралык лига ачылып, анда Россиядан эки, Өзбекстандан бир команда катышты.

Мелдеште үчүнчү орунду "Соң-Көл" ээледи. Ал байгелүү орун үчүн таймашта "Ат-Башы" командасынын улакчыларын 1:0 эсебинде утуп алган.