Бишкек: танкалар, Тыныбекова, жан сакчы коштогон Жээнбеков. 30 жылдыктын 17 сүрөтү

Sputnik

Мындан 30 жыл илгери Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттары Көз карандысыздык боюнча декларация кабыл алган.

Майрамдык иш-чара борбордук аянтта саат 9:55те башталды. Алгач президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күн менен куттуктап, андан кийин салтанаттуу парад болду.

30 жылдык мааракенин эртең мененки бөлүгү кандай өткөндүгүн Sputnik Кыргызстандын кадрлары баяндап берет.

1 / 17
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык салтанатына келгендер анын башталышын күтүп жатышат
2 / 17
Парадды коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетектеп, аны башкы командачы Садыр Жапаров кабыл алды
3 / 17
Жан сакчыларды коштогон экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Тоодогу" салтанатка келди
4 / 17
Полковник Алмазбек Карасартов коргоо министрине Бишкек гарнизонунун тизилгенин маалымдап жатат
5 / 17
Парадга байкоо жүргүзүү үчүн миңдеген кыргызстандыктар келди
6 / 17
"Ала-Тоодон" Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын кызматкерлери өттү
7 / 17
Садыр Жапаров парадды кабыл алууда. Сол жагында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, ал эми оң жагында коргоо министри Таалайбек Өмүралиев турат
8 / 17
"Ала-Тоодогу" майрамдык салтанатты көрүүгө кыргызстандыктар кары-жашына карабай келишти
9 / 17
"Ала-Тоого" легендарлуу Панфилов дивизиясынын туусу менен техникалардын колоннасы кирип келе жатат
10 / 17
Т-72 техникасынын танкисти парад учурунда
11 / 17
"Ала-Тоодо" элдин алдынан айбаты күч аскер техникалары өттү. Алар танкалар, сооттолгон техникалар, артиллерия, пилотсуз башкарылуучу учактар болду
12 / 17
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатты көрүүгө келген ата-энелердин бири чүрпөсү менен
13 / 17
Коргоо министри Өмүралиев президент Жапаровго аскердик параддын катышуучуларын тааныштырып жатат
14 / 17
Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө арналган салтанаттан бир көрүнүш
15 / 17
Спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Канат Бегалиев да парадга катышты
16 / 17
Кыргызстандын туусун кармап өтүп бара жаткан велосипедчилер
17 / 17
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатка келген жаш комузчулар