ЖК шайлоосуна кайсы партия биринчи болуп аттанды. БШКнын маалыматы

Парламенттик шайлоо быйылкы күзгө, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Ага катыша турган саясий бирикмелер БШКга 3-сентябрдан калбай арызын бериши керек.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин 28-ноябрда боло турган шайлоосуна катышуу үчүн "Социал-демократтар" партиясынан аларга арыз келип түшкөндүгүн билдиришти.

БШКнын маалымат кызматы саясий бирикменин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Касымбеков, ал эми финансылык маселелер боюнча өкүл Таалайбек Усубалиев болгонун кабарлады.

БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарлык күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына кат түрүндө билдирүү жөнөтүшү керектигин эскертет.

БШКга жазуу түрүндөгү билдирме саясий бирикменин жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылып, ага партиянын уставынын көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүп тиркелип жөнөтүлүшү шарт. Катты берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин)  жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда, тагыраагы, 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.