"Урааным Манас!": Жапаровдун Таластагы театрлаштырылган спектаклдеги сүрөттөрү

Талас облусундагы маданий иш-чаранын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында болгону айтылды. Ага Бишкектен интеллигенциянын өкүлдөрү, мамлекеттик ишмерлер катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Талас облусундагы "Манас Ордо" улуттук комплексинде "Урааным Манас!" театрлаштырылган спектакли президент Садыр Жапаровго көрсөтүлүп, ага мамлекет башчыдан сырткары Бишкектен илимий коомчулуктун өкүлдөрү жана мамлекеттик ишмерлер барды.

29-августта "Манас Ордо" улуттук комплексинде болгон иш-чаранын сүрөттөрүн президенттин маалымат кызматы жарыялады. Ал жерден профессор, КРдин эмгек сиңирген дарыгери Миталип Мамытовду, "легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкуловду, Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетованы жана дагы башка инсандарды көрүүгө болот.

Маалымат кызматы иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында болгонун билдирди.

"Талас облусундагы "Манас Ордо" улуттук комплексинде "Урааным Манас!" театрлаштырылган спектакли коюлду. Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин эң маанилүү тарыхый эпизоддорун, Айкөл Манас, Алымбек датка, Шабдан баатыр, Курманжан датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу мамлекеттүүлүктүн жана көз карандысыздыктын калыптанышына салым кошкон улуу баатырларды жана көрүнүктүү инсандарды чагылдырган чоң театрлаштырылган спектаклин көрдү", — деп айтылган маалыматта.

Жапаров "Манас" эпосунда камтылган кыргыз элинин руханий баалуулуктарынын маанисин белгилеген. Маалымат кызматы иш-чара кыргызстандык эстрада өкүлдөрүнүн гала-концерти менен жыйынтыкталганын билдирген.