Улуттук гвардиянын прапорщиги Рапиев Суусамырдан Бишкекке чуркап келет

Жөө күлүк жоокерди Улуттук гвардиянын видео тарткан тобу жана медицина кызматкерлери коштоп жүрөт. Ал 150 чакырым аралыкты чуркап өтүүгө бел байлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүн, 30-августта, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчысы, прапорщик Кайратбек Рапиев ультрамарафонго Суусамыр өрөөнүнөн старт берди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Жалпы узундугу 150 чакырымды түзгөн маршурт 31-августта Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында аяктайт.

"Кайратбек Рапиев жакшы даярдык менен марафондо ийгилик жаратарына ишенет. Ал бул эмгегин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнайт. Аны Улуттук гвардиянын видео тарткан тобу жана медицина кызматкерлери коштоп жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Рапиев 2019-жылдын июнь айында Ысык-Көлдү айланып 374 чакырымды басып өткөн.