Бишкек — Ош жолунда Toyota күйүп кетти. Өрттүн видеосу

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бир машина барып, таңкы саат алтыда жалынды толугу менен өчүрүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг.— Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 651-чакырымында, тагыраагы, Кара-Суу районунда Toyota Avensis автоунаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал видео ӨКМдин Instagram тармагындагы баракчасына жарыяланган.

"Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бир машина барып, жалынды 05:30да чектеп, ал эми 05:56да толугу менен өчүрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кырсыктын себеби такталып жатканын айтышты.