Бабаларыбыз эзелтен табият менен таттуу мамиледе болуп, эмгекти сүйгөн калк болгон. Кыргыздын кең пейилдигин, меймандостугун каада-салт, үрп-адаттарыбыз айгинелеп турат. Элибиздин колдонгон ар бир оокаты, калтырып кеткен мурасы урпактан-урпакка аманат болуп кала бермекчи.