ЖК депутаттары ишке 1-сентябрда чыгат

Парламентарийлер бир ай каникулда болушту. Алар эми парламенттин жаңы чакырылышы шайланганга чейин иштеп турушат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары жакынкы күндөрү ишке чыгат.

ЖКнын маалымат кызматы 1-сентябрда саат 10:00дө кезектеги сессиянын расмий ачылышы болорун айтты.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү белгилүү болду
Эске салсак, депутаттар каникулга 30-июнда кеткен. Бирок парламенттин төрагасы Талант Мамытов Баш мыйзамдын 83-беренесине жана КРдин Жогорку Кеңешинин регламентинин 34-беренесине таянып, 5-30-июль аралыгында ЖКнын кезектеги сессиясын чакырган. Ага Конституциянын өзгөрүшү менен өлкөдөгү эпидемиологиялык абал себепкер болгон. 29-июлда депутаттар келип түшкөн мыйзамдарды, Баш мыйзамды кабыл алып, кайрадан эс алууга кеткен.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 28-ноябрда болмокчу.