Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Шулико Олимпиадага катышууга максат койду

Суучул өткөн аптада Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өтүп, рекорд жараткан. Аны бул жетишкендиги үчүн президент Садыр Жапаров куттуктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандык суучул Владислав Шулико 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага барууга максат койду. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Олимпиада оюндарына катышуу үчүн ал лицензия алышы зарыл. Шулико өткөн аптада Каракол пристанынан Балыкчыга чейин 181 чакырымды багындырды.

Улуттук гвардиянын прапорщиги Рапиев Суусамырдан Бишкекке чуркап келет
Суучул алты күнгө жетпеген убакыттын ичинде бул аралыкты сүзүп өткөн. Жээкте аны уюштуруучулар, жакын туугандары жана күйөрмандары күтүп алышты. Коопсуздук үчүн аны кайык менен ӨКМдин кызматкерлери коштоп жүрүштү. Шулико буга чейин башка өлкөнүн суучулдарын мелдешүүгө чакырган. Бирок эч ким келген эмес. Ал ошондой эле, регламентке ылайык, кайыкка же моторлуу кемеге чыгууга болорун, анткени ал кургак жер деп эсептелбей турганын белгилеген.

Спортчуну бул ийгилиги менен мамлекет башчы Садыр Жапаров куттуктап, болуп көрбөгөндөй каармандык көрсөткөндүгүн айткан.