Чүй: ичип алып жана катуу ылдамдык менен айдагандар көп болууда

Кыргызстанда акыркы күндөрү автокырсык көп болууда. Ири трассаларда жүргүнчү ташыган транспорттор кагылышып, бир эле учурда бир канча адам өмүрү кыйылган учурлар арбыды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Чүй облусунда тогуз күндүк текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочулардын көбү автоунааны катуу ылдамдык менен айдап, жол эрежесин бузган 945 учур аныкталды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун коргоо боюнча аталган облустун башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тартип коргоочулар 21-29-август аралыгында рулда отургандарды текшергенде жолдо жүрүүнүн эрежеси 3012 ирет бузулган.

Жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

  • 59 айдоочу ичип алып рулга отурган;
  • 945 киши катуу ылдамдык менен жүргөн;
  • 34ү тиешелүү документсиз айдап жүргөн;
  • 88 автокөлүк айып короого токтотулган.

Ошто жеңил автоунаа ИИМдин автобусун сүзүп, үч киши каза тапты
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун коргоо боюнча башкармалыгы рулга отургандарды жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузбоону суранды.

Кыргызстанда акыркы күндөрү автокырсык көп болууда. Ири трассаларда жүргүнчү ташыган транспорттор кагылышып, бир эле учурда бир канча адам өмүрү кыйылган учурлар арбыды.

Мындай кайгылуу окуялардын алдын алуу максатында автоинспекторлор текшерип, катуу ылдамдык менен айдагандарды таап жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.