Сокулукта 20дан ашык бала баккан үй-бүлө спорт зал куруп алды. Сүрөт

Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова "Эне-бала мээрими" фондун 12 жыл мурда түптөгөн. Учурда алар 25 баланы карап, тарбиялашат. Көбүнүн энелери жалгыз бой болгондуктан балдарды бул үй-бүлө убактылуу карап, тарбиялап берет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Сокулук районунун Маловодное айылында 20дан ашык баланы асырап алган Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова балдарына спорт зал салып берди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Өмүракунов билдирди.

"Жубайым экөөбүз "Эне-бала мээрими" фондун түптөгөндөн бери балдарыбызга спорт зал салып берсек деп жүрдүк эле. Кыбыраган кыр ашат экен, залыбыз да бүтүп чакан ачылыш аземин жасадык. Учурда 25тен ашык баланы тарбиялап жатабыз. Эки кабаттуу имаратыбыздын алды мончо, үстү спорт зал болду", — деди үй ээси.

Белгилей кетсек, Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова "Эне-бала мээрими" фондун 12 жыл мурда түптөгөн. Айырмасы — балдарга өз ата-энесиндей мамиле жасап, тарбияланган бөбөктөр аларды "ата, апа" деп айтат. Үй-бүлө баласын бага албаган жалгыз бой энелерге да жардам берип, убактылуу балдарын карап берет. Фонд өзүнүн алдына эне менен баланы бири-биринен ажыратпоо максатын койгон.