Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Кыргызстанда дүйшөмбү күнү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 30-августта өлкөнүн айрым гана жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Жаанчыл болбойт. Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка караганда, түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бирок Чүй менен Талас облусунда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 21...26, Таласта 30...35 градус жылуу болору айтылды. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 26...31 градуска жетет. Ысык-Көл менен Нарында 11...16 градус болору божомолдонду.

Абанын температурасы Бишкекте 32...34, ал эми Ош шаарында 31...33 градуска чамалап барат.