Дарыгер COVID-19дан кийин кайсы ичимдик пайдалуу экенин айтып берди

Адистин айтымында, шарапты илдеттин эң оор учуру өтүп кеткен соң бир аптадан кийин ичсе болот. Ошол эле учурда ал спирт ичимдиктери менен аша чаап кетүү болбостугун эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Коронавирус болуп сакайган адамга аз-маз шарап ичип коюунун пайдасы тиет. Бул тууралуу РИА Новости дарыгер жана алып баруучу Александр Мясниковго шилтеме берип жазды.

"Инфекциялык оорулардан сакайган соң бир бокал кызыл шарап ичип койсо жакшы. Анда ресвератрол деген зат бар. Бул мыкты антиоксидант болуп эсептелет. Бирок ичимдикти эч качан оозуна албаган адамдарга бул ыкма жардам бербейт”, — деди дарыгер.

Адистин айтымында, шарапты илдеттин эң оор учуру өтүп кеткен соң бир аптадан кийин ичсе болот. Ошол эле учурда ал спирт ичимдиктери менен аша чаап кетүү болбостугун эскертип, өзгөчө вирус күч алып турганда ичимдикти жолотпоо керектигин кошумчалады.