Бишкекте "Ынтымак-2" паркы ачылды. Сүрөт

Парк Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Аны жасалгалоодо улуттук баалуулуктарга басым жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ордо калаада "Ынтымак-2" паркы ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, калаа мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын воллейбол боюнча курама командасы келип, аларды сыйлоо аземи да болгон.

Парк Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Аны жасалгалоодо улуттук баалуулуктарга басым жасалганы айтылды.

"Сейил бактын чок ортосунда боз үй сымал 800 орундуу амфитеатр жайгашкан. Чыгыш бөлүгүндө улуттук ордо оюну үчүн атайын аянтча бөлүнгөн. Мындан сырткары, сейил бакта комуздун инсталляциясы менен фонтан, майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдик аянтча да жайгаштырылган", — деп жазылат маалыматта.

Паркка Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнөн кирсе боло турганы айтылды.