Бишкектин көчөлөрүндөгү танкалар. Сүрөт

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата аскердик парадга даярданууда. Иш-чара 31-августта "Ала-Тоо" аянтында өтмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкектин чыгыш тарабында танкалар жүрөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө Telegram аркылуу маалымдады. 

Бишкектин көчөлөрүндөгү танкалар. Сүрөт

Сүрөттөр Шабдан баатыр көчөсү менен Валиханов көчөсүнүн кесилишинде (мурдагы Чүй проспекти менен Чолпон-Ата көчөсү) тартылган. Күбөнүн айтымында, аскер кызматкерлери танкаларды жанынан тартууга уруксат берген эмес.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата аскердик парадга даярданууда. Иш-чара 31-августта "Ала-Тоо" аянтында өтмөкчү.