АКШнын авиасоккусунан Кабулда төрт киши каза тапты. Видео

Буга чейин Associated Press талибдердин өкүлүнө таянуу менен АКШнын максаты борбордук аэропортко чабуул жасоону пландаган террорчу жан кечтини жок кылуу болгонун маалымдаган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. АКШ Кабулда учкучсуз башкарылган аппараттан сокку уруп, натыйжада төрт киши каза тапкан. Анын бирөө кичинекей бала экенин РИА Новости кабарлады. 

РФ элчиси: талибдер менен "Ислам мамлекетинин" ортосунда кармаш жүрүүдө
Америкалык чиновниктердин айтымында, сокку Кабулдун аэропортун көздөй бараткан бир нече жан кечтинин автоунаасына жасалган.

Жарылуудан турак үй талкаланган. Жергиликтүү ЖМКлардын акыркы маалыматында көз жумгандардын саны алтыга жетип, анын төртөө балдар экени айтылып жатат. Маалымат такталууда.

Буга чейин Associated Press "Талибандын"* өкүлүнө таянуу менен АКШнын максаты борбордук аэропортко чабуул жасоону пландаган террорчу жан кечтини жок кылуу болгонун маалымдаган.

"Талибан" — Кыргызстан жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган кыймыл.