Ысык-Көлдүн башчысы Кожоев: жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлерди чакырабыз!

Sputnik Кыргызстан агенттиги төрт ай мурун президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Мирбек Кожоев менен маек курду.
Sputnik

Облус жетекчиси Ысык-Көл аймагындагы көйгөйлүү маселелер жана аны чечүүнүн жолдору, ошондой эле жаңы түзүлүп жаткан иш орундары тууралуу кеп салды.

— Алгачкы сөздү губернаторлук кызматыңыздан баштайлы. Бул орунга кандайча дайындалып калдыңыз?

— Бул суроого жооп берүү үчүн бир аз артка чегинүүгө туура келет. Туура, өз кесибим журналист. Тагдырдын буйругу менен 2002-2005-жылдары Улуттук телеканалда иштедим. Ал эми 2005-жылдан баштап мамлекеттик кызматтарда эмгектендим. Ушул жылдар аралыгында бардык тепкичтерди басып өттүм. Чолпон-Ата шаарында вице-мэр, акимиатта акимдин орун басары, аппарат жетекчиси, облустук бийликте аппарат жетекчиси жана жардамчы болдум. Министрликтин карамагындагы агенттиктерде ар кандай кызматтарда иштедим. Ошентип жүрүп акыркы ирет президенттик аппараттын уюштуруу бөлүмүндө жетекчинин орун басары болдум. Губернаторлук кызмат мага күтүүсүз сунушталды. Ойдо жок жерден эле ушундай ишеним артылып калды.

Алгач корктум, ал сезим мени бүгүн да коштоп жүрөт. Бул иштен эмес, жоопкерчиликтен коркуу. Өлкө башчы менен биринчи жолугушууда да коркуп жатканымды айттым.

— Алгач ишти эмнеден баштадыңыз?

— Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун жобосуна ылайык, ишкерлерге каражат бөлүп берилип, алар элди иш менен камсыз кылышы керек болгон. Буга чейин ушул таризде иш жүрүп келген экен. Бирок бөлүнгөн каражат жана иш менен камсыз болгон адамдардын саны менин купулума толбоду. Анан издене баштадык. Бир ирет Кара-Талаа айылындагы мини цехтин ачылышына бардым. Бир меценат жигит салып берген экен. Лентасын кесип ичине кирсек 20дай айым кийим тигип отурат. Эч ким бизге көңүл бурбастан баш көтөрбөй эле иштеп жатты. Таң калдым. Себеби мурда губернатор келсе баары карап, ичиндеги маселелерин айтышчу да. Эшикке чыкканда себебин сурасам, "сиз менен сүйлөшкөндө эмне, ал ошол он мүнөт убактысына эки футболка тигип алса да чөнтөгүнө акча түшөт" дешти. Анан мен ушундай чакан цехтерди облус боюнча ачуу жагын изилдеп баштадым. Бирок кийим тигүү жаатында ири бизнесмендер менен сүйлөшкөнүбүздө бул оюбуздан кайтууга туура келди. Себеби өтө опурталдуу бизнес экен. Экинчиден, атаандаштык чоң, буюртма болбосо бул ишкердик токтойт. Биз майда-майда цехтерге бөлүп койсок, алар рыноктон ордун таба албай калса бир күнү жабылып калышы мүмкүн эле. Дагы бир чоң фактор — Россиянын учурдагы маркалоо маселеси. Азыр беш товарга маркалоо киргиздиби, 2025-жылы ар бир товардын маркасы болот.

Ысык-Көлдүн башчысы Кожоев: жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлерди чакырабыз!

Жеңил өнөр жайын деле үчкө бөлүп карай келсек, биринчиси, Россия өңдүү башка мамлекеттерге товар сатып түз иштеп жаткан ишкерлер. Экинчиси, "Дордой" базары аркылуу товарын саткан орто ишкерлер. Ал эми үчүнчүсүн майда-майда цехтер түзөт.

Ошентип, сүйлөшүүлөрдүн негизинде Бишкектен Россияга товар сатып, өздөрү кийим тиккен чоң-чоң ишкерлерди Көлгө чакырдык. Алардын борбордогу көйгөйү буюртма эмес, кийим тигүүчүлөрдүн жоктугу болуп турат. Барган ишкерлерге "Мамлекет инвестор катары силерге кызмат сунуштап жатат. Биринчиден, биз сиздерге бюрократиялык тоскоолдуктары жок бардык маселе боюнча документтериңерди бүтүрүүгө жардам беребиз. Экинчиден, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан үстөк пайызы жок каражат бөлүнөт. Үчүнчүсү, облустагы чоңураак имараттардан же имарат салууга жер бөлүп берерибизди айттык. Өткөндө президентибиз барганда бир райондо 200 орундуу, бир райондо 300 орундуу ишкана ачууга мүмкүнчүлүк болду. 31-августта дагы бир райондо 100 кишилик ишкана ачуу күтүлүүдө. Негизи бардык райондордо жумуш ордун ачуу мүмкүнчүлүгү бар. Учурдан пайдаланып ушул тармактагы тиешелүү адамдарга "Бизде мүмкүнчүлүк, каражат бар. Эгер сиз кийим тигүү тармагында чоң ишкер болсоңуз, бизге барсаңыз болот. Ушундай эле тартипте иштешкенге даярбыз", — деп чакырып кетебиз.

— Башка багытта да долбоорлор барбы?

Министрликте бош орун көп, жаштарды жумушка чакырам! Улукбек Кочкоров менен маек
— Идея көп. Азырынча эки долбоор бар, ал ишке ашмайынча айтпай турайын. Негизи баары каражатка келип такалат. Кийим тигүү тармагына басым койгонубуздун себеби, азыраак акча жумшап, көбүрөөк адамды иш менен камсыз кылууга болот экен. Элестетиңиз, айылдагы келин эртең менен 8:00дө жумушка келип, шаардагыдай кечки 18:00гө чейин иштеп, ар 15 күн сайын айлык алат. Башкысы — үй-бүлөсү, балдары, туугандары жанында. Келген ишкерлерге ачык бухгалтерия жүргүзүү талаптарын коёбуз. Иштеп жаткан адам Соцфондго акча төлөп, эртең толук кандуу пенсия алышы керек. Ушундай макулдаштык. Мен бир нерсе түшүндүм, бизнесмендер бутунан туруп, туруктуу акча таап калган кезде эл дегенде күйүп жанган, патриоттук сезими ашкан деңгээлге жетет экен.

— Былтыр жайкы сезон жакшы болбой калды эле. Сиз кызматка Көлдөгү туристтик сезондун алдында бардыңыз, кандай өттү?

— Кызматка дайындалгандан кийинки эң биринчи ишимдин бири — аймактагы ар бир район, шаарларда, өзгөчө Ысык-Көл районунда коронавирус илдетине каршы атайын зоналарды даярдоо менен башталды. Үч-төрт сапар аталган райондо көчмө жыйын өткөрдүк. Ысык-Көл районунда 500дөн ашык койка, эки чоң кызыл зонаны даярдаган элек. Андан сырткары, тез жардам унааларын, дарыгерлерди жаткыруу жайларын камдоо өңдүү иштер жүргөн. Чектөө киргизүүгө бир нече жолу себеп болду. Азыр Республикалык штабдын көрсөтмөсүнүн негизинде чектөө киргизүү чечимин жергиликтүү бийлик кабыл алат. Коронавирус көбөйүп жаткан маалда чектөө киргизүү жагын да карадык, бирок ошол эле учурда коронавирустун өсүү темпин өтө тез жайылуу деңгээлине чыгарбай кармап калууга мүмкүнчүлүк болду. Мунун баары команданын алдын ала жүргүзгөн ишинин натыйжасында ишке ашты деп ойлойм.

Ал эми туристтик сезон боюнча айтсам, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл эс алуучулар көп келди. Өткөн жылы түшкөн салык 54 миллион 878 миң сом болгон. Быйыл алты айда 74 972 адам келип эс алып, түшкөн салык да көп жыйналган. Өсүү темпи 125, 9 пайызды түздү.

Ысык-Көлдүн башчысы Кожоев: жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлерди чакырабыз!

— Ысык-Көлдүн дагы бир чоң көйгөйлөрүнүн бири — таштанды маселеси. Буга байланыштуу таштанды полигонун жана кайра иштетүүчү ишкана куруу жагы да айтылып, бирок ишке ашкан жок. Ушул жана экологиялык маселелерге да токтоло кетсеңиз?

— Экологиялык маселелерге токтолсок, таштандыдан да орчундуу көйгөй бар. Бул — Ысык-Көл районун саркынды суудан тазалоо. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок аталган багытта мени кубандырып, ооз толтуруп айта турган эч нерсе жок. Каржы булагы чечилип, иш жасалмайынча айтууга дагы эрте.

Ал эми таштанды боюнча айтсак, бул жылына эле пайда болуучу көйгөй. Эс алуучулардын таштандыны көп таштап, кызматкерлердин аны тазалап жетише албай жаткандыгы маселе жаратат. Салт болуп калгандай ишембилик өткөрүү жолу менен эле күрөшүп жатабыз. Таштанды ылгоочу заводун куруу боюнча сүйлөшүүлөр болду, бирок али чечиле элек.

— Саркынды суу боюнча да чоң маселе бар. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан каражат бөлсө болот дешет. Эмне үчүн көрүнүп турган чоң көйгөй ушуга чейин чечилген эмес?

Төрөбаев: өлкөнү карызга батырып коюп өкмөт мүчөлөрү байып жатат
— Негизги себеби эле каржы. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарлары бир долбоор катары каралып баштаган. Анан саясий чечимдердин негизинде Чолпон-Ата шаарын өзүнчө бөлүп, долбоордо Каракол менен Балыкчы шаарлары эле калып калыптыр. Кечээ да бул маселе боюнча жолугушуу болду. Ал эми каржы маселесин карай турган болсок, акча көп керек болуп, каражатты ылайыкташтыруу мүмкүн болбой жатат. Муну иштете турган атайын программанын деле зарылчылыгы жок. Ал жактагы чоң, кичине пансионаттардын баарын бир системага алып келип, саркынды сууну техникалык эмес, биологиялык тазалоодон өткөрүп, кайра сугатка кетирүү керек болчу.

— Ушул пансионаттардын ээлери буга канчалык деңгээлде жоопкерчиликтүү? Эмне үчүн пансионаттардын башын бириктире албай жатасыздар? Бул алардын кызыкчылыгында эмес болгону үчүн элеби же?..

— Пансионаттардын дээрлик көпчүлүгү менчик, саркынды сууну тазалоочу система кымбат турат. Алар менен канча жолу жолугуп сүйлөштүк, бирок маселе келип эле каражатка такалат. Буга облустун күчү жетпейт, мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү маселе.

Ысык-Көлдүн башчысы Кожоев: жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлерди чакырабыз!

— Акыркы кезде кээ бири "Ысык-Көлдү курорттук зона кылуу керек" десе, экинчилери "жок, анда табиятын талкалап алабыз" деп каршы. Жетекчи катары сиздин оюңуз кандай? Ысык-Көлгө кандай статус берүү ылайыктуу?

— Кечээ "Агали", "Илбирс" фондунун делегациясы менен жолуктум. Буга чейин Көлдүн айланасында жейрендер жашаган экен. Бирок азыр алар Кыргызстанда таптакыр жоголуп кетиптир. Ушул эки фонд жардам берерин айтып, Өзбекстандан жейрендерди алып келүү боюнча сүйлөштүк. Бир аз уюштуруу иштери калды, бул 1,5-2 айдын аралыгында ишке ашып калат. Тоң районунун аймагында алты-жети корук уюштурулду. Ал эми Ысык-Көл районунда эки корук, Ак-Суу районунда улуттук корук бар. Ушунун өзү эле сиздин сурооңузга жооп берет болушу керек. Ысык-Көлдө курорттук зона куруу туура, бирок биз көбүнесе экологияны карашыбыз керек. Эгер жаратылышты, экологияны талкалап алсак, Көлдү кайрый албайбыз. Жетекчи катары менин позициям ушундай.

— Облуста эскилиги жеткен жолдор оңдолуп, жасала баштаганынан кабарыбыз бар. Маалымат бере кетсеңиз.

— Эң биринчиден, президент Садыр Нургожоевичке ыраазычылык билдиргим келет. Себеби Көлдүн өтө чоң көйгөйү — бул Балыкчы — Барскоон жолу болчу. Бул жол талкаланып бүткөн. Элүү жылдан бери каралбаптыр. Эми президенттин жеке демилгеси менен бүгүнкү күндө 25 чакырым жерге бир убакытта жол куруу иштери жүрүп жатат. Экинчиден, жол сала тургандар өзүбүздүн Жолчулар ассоциациясы. Биз болгону иштөөгө шарт түзүп, тоскоолдук жаратпоо жагын камсыздап беришибиз керек.

Каракол шаарынын ички жолдору да тамтыгы чыгып, элдин көйгөйү болуп келген. Бул маселе да мамлекет тарабынан колго алынып жатат. Учурда бул жакта дагы курулуш иштери жүрүүдө. Биз да Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан каражат бөлүп бердик.