Ошто жеңил автоунаа ИИМдин автобусун сүзүп, үч киши каза тапты

Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Көз жумган үч киши тең жеңил автоунаанын жүргүнчүлөрү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ош — Ноокат жолундагы Жапалак айылынын чыга беришинде Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа ИИМдин автобусу менен кагышып, үч адам көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык Кайгуул милициясынын маалымыт кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, жол кырсыгы бүгүн, 28-августта, саат 16:10дор чамасында катталган. Анда Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа жолдун каршы тилкесине чыгып, ИИМге караштуу атайын автобус менен сүзүшкөн.

Жыйынтыгында кырсыктан жеңил автоунаадагы үч киши каза болгон. Учурда окуя болгон жерде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатканы айтылды.

Жаңы аныкталган жагдайлар боюнча дагы кошумча маалымат берилет.