Эске салсак, 27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочу чатакташа кетип, милиция кызматкери ага ок аткан. Жыйынтыгында айдоочу ооруканага жетпей үзүлгөн. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.
"Биз досубуз Чыңгыз Абдраевдин каргашалуу өлүмү боюнча ишти Камчыбек Кыдыршаевич жеке көзөмөлүнө алуусун суранып видеокайрылуу жасоону туура көрдүк. Досубуз борбордук мечитке келип намаз окуп чыгып, жолдун каршы тилкесине чыкканда Кайгуул милициясы токтотуп, эки тарап уруша кеткен экен. Ал жерде төрт инспектор болгонун белгилеп кетели. Алар эскертпей, алдын албай туруп досубузду тапанча менен жүрөккө аткан. Баарынан да кейиштүүсү инспекторлор досубузду ооруканага жеткирүүгө шашылган эмес. Тез жардам кызматы 40 мүнөттө келгиче Чыңгыз үзүлгөн", — деп айтылат видеокайрылууда.
Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилген.