Москвада массалык мушташ болуп, 50дөй киши кармалды. Видео

Буга чейин Москва жана Санкт-Петербург шаарында Борбор Азиядан келген мигранттар ортосунда мушташ чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Москва шаарынын борборунда массалык мушташ уюштургандыгы үчүн дээрлик 50 киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин шаардык бөлүмүнүн маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Полициядан кабарлагандай, окуя өткөн кечте Бауман көчөсүндө болгон. Күбө болгондордун биринин айтымында, урушту бир нече киши баштаган. Бирок полиция келгенге чейин эле бардыгы качып кеткен.

Кайрадан мигранттар мушташып, 14 киши кармалды. Петербургдагы окуя
Мушташка тиешеси бар же жок экенин аныктап, окуянын чоо-жайын билүү үчүн полиция участогуна 49 шектүү жеткирилди. Алардын ичинен 15ине каршы “Ээнбаштык” беренеси менен протокол түзүлдү. Калгандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жаракат алгандар боюнча маалымат жок.

Буга чейин Москва жана Санкт-Петербург шаарында Борбор Азиядан келген мигранттар ортосунда мушташ чыккан.