Москвадагы мушташ: элчилик кыргызстандыктардын кармалышы боюнча үн катты

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар 27-августта Москванын Бауман көчөсүндө болгон массалык мушташка катышкан эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Москвадагы массалык мушташтын чоо-жайын аныктоо иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын 19 жараны полиция бөлүмүнө жеткирилип, административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдирди.

Маалыматка караганда, алар мушташка катышкан эмес.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар массалык мушташка катышкан эмес. Анткен менен окуянын чоо-жайын билүү үчүн полиция участогуна жеткирилген 50дөй адамдын ичинен 19у Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Алар административдик жоопкерчиликке тартылды”, — деп айтылат кабарда.

Элчиликтен кошумчалагандай, кыргызстандыктар “Майда ээнбаштык” беренесине ылайык жоопко тартылды.

Буга чейин Москва шаарынын борборунда массалык мушташ уюштургандыгы үчүн дээрлик 50 киши кармалганы айтылган.