Өлкөгө оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз алып кирген казакстандыктар кармалды

Кылмыштын бардык жагдайы изилденип, кармалгандардын шериктерин, ошондой эле "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Мамлекеттик чек аранын "Чоң-Капка" өткөрүү пунктунан Кыргызстандын аймагына оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз алып кирип жаткан жеринен Казакстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын номери тагылган Toyota Estima үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өткөрүүгө аракет болгон.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

"Бул иштин алкагында кармалган бир кыргызстандык жана эки казакстандык жаран Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык камакка алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда кылмыштын бардык жагдайы изилденип, кармалгандардын шериктерин, ошондой эле "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.