Кадамжайдагы ишканаларда 2 миңдей жумуш ордун түзүү пландалууда

Жапаров Айдаркен шаарындагы Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты. Президентке 80 жыл толгон ишкананын экономикалык дараметине карабастан учурда ал оор абалда экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда ири өнөр жай ишканаларын инвестициялоо дээрлик 2 миң жумуш ордун түзүүгө жардам берет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.

Жапаров бүгүн, 28-августта, Айдаркен шаарындагы Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты. Президентке ишканага 80 жыл толгону менен ал экономикалык дараметине карабастан учурда оор абалда экени маалымдалды.

“Комбинатта өндүрүштү жандандырып, аны өнүктүрүү үчүн ага инвестиция зарыл. Бүгүнкү күндө Айдаркен сымап комбинаты жана Кадамжай сурма комбинатына инвестициялоого жана алтын кенин иштетүүгө ниеттенип жаткан компания менен келишим түзүлгөн. Инвестор комбинаттардын өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарууга даяр”, — деп айтылат билдирүүдө.

Коопсуздук кеңеш аймактык органдардагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктоодо
Кадамжай сурма комбинатында 800гө жакын, Айдаркен сымап комбинатында 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө. Азыркы учурда бардык адистиктер боюнча жумушчуларды кабыл алуу жүрүп, жаңы жабдуулар алынып жатканы айтылды.

Президент Садыр Жапаров ишканадагы жумушчулар менен баарлашып, суроолоруна жооп берип, алардын каалоолорун укту. Баарлашуу учурунда алар Жапаровдон инвесторду колдоп берүүнү жана мектеп куруу, суу менен камсыздоо, пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыга байланыштуу социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранышты.