Жапаров Кадамжайда курулган милициянын жаңы имаратын көрдү. Сүрөт

Садыр Жапаров жакын арада укук коргоо органдарынын жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөрүн кошумчалап, баарына бейпил жашоо жана бекем ден соолук каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кадамжай районунда ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты курулуп, аны мамлекет башчы Садыр Жапаров көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кадамжайлык милиция кызматкерлери үчүн 2 миң чарчы метрге эки кабаттуу заманбап имарат салынган. Буга чейин алар курулганына 80 жылдан ашкан, иштөөгө мүмкүн болбой калган имаратта эмгектенип келгени айтылды. Жапаров укук коргоо органдарын жаңы имараты менен куттуктап, эски имарат кызматкерлерге гана ыңгайсыздыкты жаратпастан, жарандарды кабыл алууда да бир катар көйгөй алып келгенин белгилеген.

"Бул маселе эми чечилди. Негизинен коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана сапаттуу иштерди жасоо иш шарттарын түзүүдөн башталат. Биз мындан ары да ички иштер органдарынын материалдык-техникалык инфраструктурасын жакшыртууну улантабыз", — деди Жапаров.  

Өлкө башчы жакын арада укук коргоо органдарынын жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөрүн кошумчалап, баарына бейпил жашоо жана бекем ден соолук каалады.