ДССУ адиси гриппке да, COVID-19га да каршы вакцина алуунун артыкчылыгын айтты

ДССУ өкүлү кош эпидемия — грипп жана COVID-19дун бирдей болушу саламаттыкты сактоо тармагы үчүн татаалдыкты жаратарын эскерткен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Грипп боюнча эмделүү бул күндөрү коронавируска каршы вакцина алган сыяктуу эле маанилүү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып РИА Новости жазды.

ДССУнун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович эки вакцинаны алуу жок дегенде бир вирустун көйгөйүн четке кагат деп эсептерин айткан.

"Тумоо аз болгону менен былтыр да гриппке каршы вакцина алууну сунуштаганбыз. Эл бет кап тагынып, обочолонууда болгондуктан аталган оору азыраак кездешкен", — деген Вуйнович.

Ал эмнеге эки вакцинаны алууну сунуштап жаткандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн.

"Эл сактанышы керек, ар бир адам өзү коргонушу керек. Себеби кош эпидемия — грипп жана COVID-19дун бирдей болушу саламаттыкты сактоо тармагы үчүн татаалдыкты жаратат. Кайсынысы сасык тумоо, кайсынысы грипп жана коронавирус экенин ажыратуу абдан кыйын болуп калат. Андыктан элди грипптен бизге тааныш болуп калган вакцинанын жардамы менен сакташ керек. Андай учурда жок дегенде бир вирус менен күрөшкөн болобуз", — деген Вуйнович.

Коронавирустун "дельта" штаммынан эмне сактайт? ДССУнун жообу
Учурда медиктер менен окумуштуулар коронавирус менен майнаптуу күрөшүүнүн бирден-бир жолу ага каршы эмдөөдөн өтүү экендигин айтып келишет. Бул боюнча Кыргызстанда да талаптар коюлуп, эл менен көп байланышта болгон тармактардын кызматкерлеринин вакцина алуусу зарыл экени айтылган. Соңку сутканын маалыматтарына таянсак, өлкөдө 21 172 адам коронавируска каршы вакцина алды.