Чек ара чырында көз жумгандардын үй-бүлөсүнө берилчү үйлөр дээрлик курулуп бүттү

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчага барды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган 36 жаңы үйдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Бүгүн, 28-августта, президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчага барган.

Өлкө башчы тиричилик техникасы жана керектүү коммуникациялары киргизилген бир нече үйдү көрүп чыкты. Ошондой эле көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарыктандырылган. Шаарчанын ичинде бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, парк жана башка керектүү инфраструктураны түзүү пландалууда.

Жапаров маркумдарды эскерип, туугандары менен жолугуп, дагы бир жолу көңүл айтты.

"Элим менен кошо менин да жүрөгүм канап турат. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда алар Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, аны көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти көкүрөгүнөн чыгарбай, эл-жерди коргойм деп жан беришти. Ооба, кандай гана колдоолорду көрсөтпөйлү, мындай оор жоготуунун орду толбойт. Эр-азаматтарыбыздын ата-энеси, жакындары, жубайы, балдары эл көзүнө жылмайганга аракет кылганы менен бүгүн да ичтеринен сызып, арман кылып турушат", — деди Жапаров.

Шаарчанын тургундары жана курман болгондордун туугандары президентке ыраазычылык билдирип, аны менен катар көйгөйлөрүн дагы айтышты.

Жапаров: баткендиктер кам санабашы керек, армия реформаланып жатат
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун трагедия курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча демилгесинин алкагында Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталында жер тилкесин бөлгөн. Ага жергиликтүү компаниялар бардык шарттары бар үйлөрдү куруу милдеттемесин алышкан. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап калганы айтылууда.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.