ЖК депутаттарын жаңы эреже менен шайлоо. Жапаров мыйзамга кол койду

Жаңы эрежеге ылайык, добуш берүүнү аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду.

Жапаров "фейк" маалымат боюнча чуулуу мыйзамга кол койду
Өлкө башчынын маалымат кызматы эске салгандай, быйылкы жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда жаңы Конституция кабыл алынган (КР президенти 2021-жылдын 5-майында кол койгон). Анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, депутаттарды шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган.

Жаңы эрежеге ылайык, добуш берүүнү аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жаңы Конституция менен дайындоого мүмкүндүк берет.

Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.