БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров сунуштаган демилгелерине каршы чыгып, онлайн-митинг жарыялаган экономистке жооп берди. Аткаминер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүйлөштү.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Эмил Ашымбаев аттуу жараны Жапаровдун сунуштары IT-бизнести муунтуп, банк купуялуулугун бузуп, өлкө экономикасына залака тийгизип жатканын билдирген.
Жапаров бизнесмендин сын пикирин бүгүн командировкадан келген соң окуганын айтты.
"IT-тармакка кош салык салуу боюнча мага таандык деген демилге тууралуу айтканы суу кечпеген кеп. Мындай болушу мүмкүн эмес, эч качан болбойт дагы. Мен IT-бизнестеги бүгүнкү күндө иштеп жаткан салык системасынын демилгечисимин. Ага ылайык, программисттер 5 пайыз киреше салыгын, 5 пайыз социалдык төлөм төгүшөт, жумуш берүүчүгө эч нерсе каралган эмес. Дал ушул себептен биздин программисттер Кыргызстанда жашап, бүтүндөй дүйнө жүзү менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Биздеги шарт Беларустагыдан да жакшы", — деди Жапаров.
Министр банк купуялуулугу тууралуу айтылган сынга да жооп берди. Жапаровдун айтымында, учурдагы Салык кодекси салык төлөөчүнүн эсебин жеткиликтүү кылып турат.
Жапаров ар кандай көз караштагы пикирлерди угууга даяр экенин, бирок анын баары жакшылап даярдалган болушу керектигин белгиледи.
"Кыргызстанда эл салык төлөп жашайт. Салык төлөгөндөр үчүн бул жер бейишке айланат. Салык төлөбөгөндөргө биздин өлкөдө жашоо анча ыңгайлуу боло бербейт", — деди ал.
Министр Facebook баракчасынан анын демилгесин сындаган экономист хайп менен алек болуп, атын чыгаргысы келип жатканын божомолдогон.