БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткенге болгон иш сапарынын алкагында чек ара жаңжалында жабыркаган Максат айылынын калыбына келтирилген социалдык инфраструктурасы менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Максат айылынын социалдык объектилер — милиция пунктун, фельдшердик-акушердик пунктун, футбол талаасын, ошондой эле оңдолгон мектепти көрүп чыкты.
Оңдолгон мектептин футбол талаасын жана спорт залын кароо учурунда мамлекет башчы айылдын жаштар командасы менен футбол жана волейбол ойноду.
Мындан тышкары, Жапаров жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн маселелерге кызыгып, айыл аксакалдары менен баарлашкан.
Жергиликтүү тургундар социалдык инфраструктураны калыбына келтирүү маселесин ыкчам чечип бергендиги үчүн мамлекет башчыга жана өлкө жетекчилигине ыраазычылык айтышты.