181 чакырым! Шуликонун Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өтүп, марага келген видеосу

21 жаштагы кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан биринчилерден болуп сүзүп өтүп, рекорд жаратты. Анын марага кантип келгендигин Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрө аласыз.
Sputnik

Шулико Каракол пристанынан Балыкчыга чейин 181 чакырым аралыкты бүгүн, 27-августта, багындырды. Спортчуну бул ийгилиги менен мамлекет башчы Садыр Жапаров куттуктап, болуп көрбөгөндөй каармандык көрсөткөндүгүн айткан.

Буга чейин Шулико башка өлкөлөрдүн спортчуларын таймашууга чакырып, бирок алардын эч кимиси макул болбогондугун билдирген.

Спортчу максатына алты күндө жетти. Ал сүзүп өткөн аралык 3 600 олимпиада бассейнине тете.