UFC мушкери Антонина Шевченконун ким менен беттешери анык болду

Антонина Шевченко акыркы жолу Хьюстондо Андреа Ли менен кез келип, жеңилүү ызасын тарткан. Беттеш экинчи раундда аяктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко ("Пантера") келерки беттешинде австралиялык Кейси О'Нилл менен күч сынашат. Бул тууралуу Tapology спорттук порталы жазып чыкты.

Мушкер кыздардын таймашы 2-октябрда Лас-Вегаста өтчү UFC Vegas 38 мелдешинде болот.

Бул күнү кеченин башкы беттешинде жарым оор салмактагы Тиагу Сантус менен Жони Уокер кармашат.

Австралиялык Кейси О'Нилл акыркы таймашында бразилиялык Лара Прокопиону мөөнөтүнөн мурда уткан. 

Антонина Шевченко май айында Хьюстондо өткөн UFC 262 мелдешинде АКШлык Андреа Ли менен кармашып, жеңилүү ызасын тарткан. Бул кыргызстандык мушкердин ММА спортундагы үчүнчү жеңилүүсү болду. "Пантера" жалпысынан сегиз беттешинде уткан.