Кыргызстан "Танк биатлонунун" экинчи дивизионунда биринчи келе жатат. Видео

Кыргызстандык танкисттер үч айлампада эки ирет биринчи болуп келип, тайпалык этапка өтүштү. Мындан тышкары, өз дивизионунда лидер экени маалым болду.
Sputnik

Бүгүн Подмосковьедеги "Алабино" полигонунда үчүнчү айлампа өтүп, ага Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн 3-танк экипажы катышты. Жоокерлер аралыкты 27 мүнөт 40 секундада басып өтүп, беш бутанын үчөөнө таамай тийгизе алышкан. Натыйжада сап башына чыгышты. Буга чейинки айлампада да Кыргызстан лидер болгон, бирок биринчисинде экинчи болуп калган болчу. Мындан улам кыргызстандык команда тайпадан чыга алды.

Дивизиондогу жагдай ушу тапта төмөнкүчө:

  • Кыргызстан (2-экипаж) — 26 мүнөт 15 секунда.
  • Мьянма (2-экипаж) — 26:47.
  • Тажикстан (1-экипаж) — 27:23.
  • Кыргызстан (3-экипаж) — 27:40.
  • Мьянма (1-экипаж) — 28:57.

Биздин биринчи экипаж аралыкты 32 мүнөт 12 секундада өткөн.

Кыргызстан биринчи дивизионго кайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Былтыр сегизинчи орунду ээлеп, экинчи дивизионго түшүп калган эле.