Шулико Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өтүп, марага жетти. Видео

Владислав Шулико беш күн ичинде 180 чакырым сууну сүзүп өттү. Спортчу дүйнөлүк рекордду жаңыртууга ниеттенип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп бүтүп, марага жетти.

Спортчу аталган кадамын 22-август күнү Караколдогу пристандан баштап, Көлдүн бүткөн жери Балыкчыдан аягына чыгарууга ниеттенген.

Шулико 180 чакырым сууну сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекордду жаңыртууга ниеттенип жаткан. Спортчу марага 4-5 күндө келүү максатын койгон. Коопсуздук чараларынан улам аны ӨКМдин кызматкерлери кайык менен коштоп кошо сүзүп жүрүштү.

Жээктен спортчуну туугандары, күйөрмөндары, жергиликтүү эл тосуп алып, куттукташты.