Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарындагы негизги туу жаңыланды. Сүрөттөр

Майрамды утурлай Ош шаарында жайгашкан бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда илинип турган мамлекеттик атрибуттарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. 
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарынын борбордук аянтындагы негизги туу жаңыланды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин маалымат кызматынан кабарлады. 

Билдирүүгө караганда, Ош шаарында жайгашкан бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда илинип турган мамлекеттик атрибуттарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Анын алкагында бүгүн, 27-август күнү, Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик желекти жаңыртуу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. 

“Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Борбордук аянттагы мамлекеттик желекти Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери жаңылашты. Ош шаарынын борбордук аянтындагы флагшток 2009-жылы орнотулган, анын бийиктиги — 42 метр. Ал эми туунун туурасы — 10, узуну — 15 метр.