Кочкордо Subaru менен "Нива" кагышып, 7 киши жабыркады. Сүрөт

Бактыга жараша, эч кимдин өмүрү кыйылган эмес. Бирок сүрөттө көрүнүп тургандай, машиналар катуу зыян тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кочкор районундагы Сары-Булак — Өрүк-Там унаа жолунун 23-чакырымында жол кырсыгы болуп, жети адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта кырсык бүгүн Лахол айылынын тушунда болгону айтылды. Анда Subaru Forester жана "Нива" үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн. Бактыга жараша, эч кимдин өмүрү кыйылган эмес. Бирок сүрөттө көрүнүп тургандай, машиналар катуу зыян тарткан.

Ар кандай жаракат алган кишилерди куткаруучулар автоунаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.