КамАЗ капталынан сүзгөн. Кара-Балтадагы кырсыктан бир киши көз жумду. Сүрөт

Кадрлардан жеңил унаанын аябай катуу зыян тартканы көрүнүп турат. Каргаша Бишкек — Чалдовар жолунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкек — Чалдовар жолунун 85-чакырымында (Панфилов айылы) киши өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта КамАЗ менен Daewoo Nubira үлгүсүндөгү автоунаа кагышканы айтылат.

Кадрлардан жеңил унаанын аябай катуу зыян тартканы көрүнүп турат. Натыйжада Daewoo машинасын айдап бара жаткан 32 жаштагы киши каза болду. Сөөктү машинадан куткаруучулар чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.