Бишкектеги эски аянтта "Достук" фестивалы өтөт

Иш-чара "Кыргызстан — менин мекеним!" деп аталып, ага өлкөдөгү бардык улуттун өкүлдөрү катышат. Өнөрпоздор өз талантын тартуулап, майрамдык парадда басышат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте этностор аралык достук фестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эски аянтка уюштурулган иш-чара "Кыргызстан — менин мекеним!" деп аталып, ага өлкөдөгү бардык улуттун өкүлдөрү катышат. Өнөрпоздор өз талантын тартуулап, майрамдык парадда басышат. Ошондой эле көргөзмө, жарманке дагы болору айтылды.

Иш-чараны Маданият министрлиги президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте өткөрмөкчү.

Эски аянтка боз үйлөр тигилип, кооздолгон.