БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Баткен облусунда коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык жактан толук көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген "Раззаков" жаңы көмөк чордону ишке кирип, анын ачылыш салтанатына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Жапаров Баткенге жасаган сапарында андан сырткары "Раззаков-Арка" жаңы электр линияларынын тартылып бүтүшүнө жана "Арка" электр чордонунун оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүнө байланыштуу өткөн иш-чарада болгон.
Жапаров энергетика ар бир мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ тармак экендигин белгилеген.
"Баткен облусу толугу менен энергетикалык жактан көз карандысыздыкка ээ болот. Муну менен Баткен аймагынын социалдык-экономикалык абалы жакшырат, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүлөт. Баткен облусу коңшу мамлекеттердин энергетикалык системасы аркылуу электр энергиясы менен камсыздалып келгендиги белгилүү. Мындан улам, тилекке каршы, элдин жашоосунда кыйынчылыктар жаралып келген эле. Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды", — деген Жапаров.
Эске салсак, "Баткен облусунун Арка массивин электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында 110 кВт "Раззаков-Арка" жаңы электр линиялары 51 чакырым аралыкта тартылган. 110/35/10 кВт-сааттык "Раззаков" атындагы жаңы электр чордону курулду жана 110/35/6 кВт-сааттык "Арка" чордонун реконструкциялоо иши аягына чыккан.
Мамлекет башчы жыл сайын жаңы өнөр жай ишканаларынын ачылышы, курулуш тармагы менен инфраструктуранын өнүгүшү, калктын санынын көбөйүшү өз кезегинде электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келүүдө.
"Экономика тармактарынын жана калктын электр энергияга болгон муктаждыгын толук канааттандыруу максатында ГЭСтердин, подстанциялардын абалын жакшыртуу, жаңыларын куруу, электр кубатын берүүчү линияларды алмаштыруу жана башка иштерди аткаруу милдеттери турат. Мындан улам министрлер кабинети энергетика тармагында болуп жаткан кезектеги реформалардын алкагында бардык тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатат", — деген ал.
Жапаров энергетиктерге аталган долбоордогу иши үчүн ыраазылыгын айткан.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында регионалдык деңгээлдеги КАСА-1000 (CASA-1000) долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр кубатын өткөрүүчү мамынын пайдубалына капсула салынган. Бул эл аралык долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн электр энергияны экспорттоо потенциалын, ошондой эле мамлекеттин экономикасын жогорулатууга жана республиканын бюджетин толтурууга мүмкүндүк берет.