Жекшемби күнү Бишкектин борбордук көчөсүндө азык-түлүк жарманкеси өтөт

Жарманкеге жергиликтүү 127 ишкана катышып, эт, сүт азыктарынан тарта жумурткага чейинки продукцияларын сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жекшемби күнү, 29-августта, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде айыл чарба азыктарынын жарманкеси болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Шаардыктар саат 10:00дөн тарта Раззаков көчөсүнүн Токтогулдан Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүнөн эт, сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди, жумуртка жана башка азыктарды сатып ала алат.

Жарманкеге жергиликтүү 127 ишкананын катышары кабарланды.

Бул иш-чараны Бишкек мэриясы менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги уюштуруп жатат.