Бишкекте эки тестиер колго жасалган түзүлүштү жардырып жабыркады

Окуя 25-августта 17:30дар чамасында Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү Аламүдүн суусунун жээгинде болгону айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкекте 10 жана 11 жаштагы эки тестиер колго жасалган түзүлүштү жардырып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя 25-августта 17:30дар чамасында Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү Аламүдүн суусунун жээгинде болгон. Анда 10 жана 11 жаштагы эки бала колго жасалган затты жардырып ийишкен. Жерине ӨКМдин алты куткаруучусу барып жабыркаган тестиерлерди Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, балдар жардырган зат кулак тундуруучу граната болгон.