Радио

Тотубаева: Ысык-Көл пайда алуу максатында гана колдонулуп, ага кам көрүлбөйт

Биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия кафедрасынын доценти Нурзат Тотубаева Ысык-Көлдүн экологиясын курутуп жаткан көйгөйлөр тууралуу айтып берди.
Sputnik

Ысык-Көлдү биз туристтик сезон башталганда эле эстей баштайбыз. Бул – эң башкы маселе. Аймактын жаратылышынын өзүн-өзү калыбына келтирүү касиети күчтүү. Биз бул системаны баланстан чыгаруу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Экологдордун айтымында, жер өзүн-өзү калыбына келтириши үчүн 30 пайызын бош калтырып коюу зарыл. Ал эми биз ошол чекти аныктаган жокпуз. Бул тууралуу Нурзат Тотубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Тотубаева: Ысык-Көл пайда алуу максатында гана колдонулуп, ага кам көрүлбөйт

Анын айтымында, Ысык-Көл пайда алуу максатында гана колдонулуп, ага кам көрүлбөйт.

"Учурда колубуздан келишинче көлдүн айланасындагы бош жерлерди басып алдык. Коттедж салып, пляждарды жасап, азыр чоң шаар куруу да пландалууда. Биз ошол экосистемадан узак убакыт пайда алуу үчүн эмне кылышыбыз керек? Мисалы, бизнесте эки өнөктөш тең бирдей пайда албаса, ал иш көпкө созулбайт. Жаратылышка да ошондой эле мамиле кылган туура. Инфраструктураны өнүктүрүү менен бирге көлдүн айланасына ар кандай мөмөлүү бак-дарактар отургузулуп жатат. Калий, фосфор, азотко бай топурак алып келинип, аралыштырылууда. Мында кумдак жердин кыртышынын корголушу начар болгондуктан жер астындагы сууну булгоо коркунучу жаралат. Ысык-Көл облусуна туристтик зона деген статус берүүгө каршымын. Көлдөн туризмден башка да тармактан пайда алса болот. Жаратылыш тутумун бузбастан максималдуу пайда алуу жолу бар. Чычырканак бадалдары кыйылып жатат деген маселени укканда биз бул жаатта изилдөө кылып көрдүк. Көрсө, акыркы 20 жылда эле Ысык-Көлдө 700 гектардан көп аймактагы чычырканак кыйылып кеткен экен. Анын ичинде Балыкчы, Тоң токой чарбасында чычырканак бадалдары эки эсеге азайган. Бизге белгилүү болгон бул аймактар ариддик зона. Ал жерде чөлдөшүп кетүү коркунучу жогору. Ал эми чычырканак болсо сууну механикалык жол менен фильтрлейт. Табият акылдуу да. Өзүнө керектүү жерге керектүү өсүмдүктү өстүрөт. Андыктан аны кыйып салбастан пайда алганды үйрөнгөнүбүз оң", — деди Тотубаева.

Ал жаратылыш изилденбей, комплекстүү илимий кадам жасалбай жатканын кошумчалады.