Таш баканын темир канат балапандын башын чайнап салган видеосу

Таш баканын эч ким күтпөгөн ташбоордугуна Сейшел аралдарында иштеп жүргөн биологдор күбө болгон. Исполин таш бакасы аялуу катмардагы жаныбарлардын катарына кирет.
Sputnik

"National Geographic Россия" сайты Кембриж университетинин окумуштуулары адаттан тыш окуянын күбөсү болгонун жазды.

Алар кээ бир жаныбарларга аңчылык кылуу үчүн шамдагайлыктын же өтө зиректиктин деле кереги жок экендигине ынангандыгын айтышкан. Токойдо шашпай келе жаткан ташбаканын чардактын канаты жаңы чыга баштаган балапанын чырылдаткан тейде башын чайнап койгон видеосун тартып алышкан. Чымчык, кыязы, уядан жерге кулап түшүп, кайра чыга албай калгандай.

Басарга жер жок. Австралиядагы деңиз бетин, жээкти бербеген ташбакалардын видеосу
...Алгач балапандын алды жагында жылып келе жаткан, өзүнөн бир нече эсе чоң жаныбардан анча коркпой, тескерисинче, тумшугу менен аны чокулап көрүп жатканы кадрга түшүп калган. Таш бака чымчыктын баласын улам артка "чегиндирип", кулап жаткан карагай менен басып келе берген. Акыры анын учуна жеткенде чыйпылдап жаткан олжосунун башын чайнап салып, кайра коё бергенде балапан жан берген.

Исполин таш бакасы Сейшел аралдарында жашап, өтө аялуу жаныбарлардын катарына кирет. Алар негизинен чөп, жалбырактар жана дарактардын кабыгы менен тамактанат. Маалыматтарда кээде гана эт жей турганы айтылып келет. Биологдор аталган жаныбарлардын тарпты жана өлүп калган таш бакаларды жей турганын билгендиктен, анын бул сапар балапанга кол салуусуна таң калгандыгын жазышкан.