Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады. Тизме

Ысык-Көл облусунун бир катар райондорунун жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына алты талапкер боюнча сунуш келген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров алты сотту кызматка дайындаган жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинен президенттин дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына алты талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.

Дайындалган соттордун тизмеси:

Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл райондук сотуна:

  • Акматова Мээрим Маматкадыровна;
  • Жусупбекова Космира Айтакуновна;

Түп райондук сотуна:

  • Астаев Батырхан Алтынбекович;

Тоң райондук сотуна:

  • Сыдыгалиева Асел Бабановна;

Жети-Өгүз райондук сотуна:

  • Шаршеев Адилет Нуркамильевич;

Бишкек шаары:

Бишкектин Биринчи май райондук сотуна:

  • Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.